Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД. «КАМКОРДУК» ИШ-ЧАРАСЫ ЖҮРҮҮДӨ

 733 Бардыгы /

Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан «Камкордук» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Сузак, Тогуз-Торо, Таш-Көмүр ШРИИБдеринин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мектептерде атайын жыйындарды уюштурулган.

Жыйынга тиешелүү адистер, ата-энелер катышып, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери талкууланды. Мектеп окуучуларын окуудан сырткары ата-энелер өз көзөмөлүнө алып, ар дайым камкордук көрүү керектиги айтылды.

Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө чакырышып, ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болууга үндөштү.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17