Аймак

ТҮРКМӨНСТАН ИИМинин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АРЫКТООГО МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

ТҮРКМӨНСТАН ИИМинин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АРЫКТООГО МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

 643 Бардыгы /

Түркмөнстан ИИМинде учурда аттестация өтүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, талаптардын бири кызматкерлердин салмагына байланыштуу.

Полиция кызматкерлери билдиргендей, укук коргоочулардын салмагы 100 килограммдан ашпоосу керек.

“Оозеки көрсөтмөгө караганда, 25-декабрга чейин арыктай албагандар, чинине карабай кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга аргасыз болору тууралуу бардык полиция бөлүмдөрүнө эскертүү берилген”, – деди “Азаттыктын” кабарчысы.

Учурда жергиликтүү полиция кызматкерлери дене тарбия машыгуулары менен алектенишүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17