Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫКТАРЫ ИНДИЯДА ЖАРНАМАЛАНДЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫКТАРЫ ИНДИЯДА ЖАРНАМАЛАНДЫ

 954 Бардыгы /

НЬЮ-ДЕЛИ. Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги Нью-Дели шаарында өтүп даткан 39-Эл аралык «IndiaInternationalTradeFair-2018» көргөзмө-жармаңкесинде айыл чарба азыктарын жарнамалады. Баса, аталган көргөзмөгө Кытай, Улуу Британия, Таиланд, Катар, Түркия, Малайзия, Бахрейн, Таиланд, Бутан жана башка өлкөлөрдөн 175тен ашуун компаниялар катышып жатышат.

Бул көргөзмөнүн расмий ачылыш аземинде Индиянын чакан жана орто бизнес, ошондой эле, автомобиль транспорту жана шоссе жолдору министри Нитин Гадкари негизги конок катары катышты. Индиянын Дүйнөлүк Банктын бизнес жүргүзүүнүн жеңил индекси боюнча жетишкен олуттуу ийгиликтерине байланыштуу бул жылы көргөзмө «Бизнес жүргүзүүнү жеңил индекси» темасына гана арналды. Бул индекс боюнча Индия ушул жылы 63-орунга жетишти, ал эми 2014-жылы 142-орунда эле.

IITF көргөзмөсү – ITPO соодага көмөк көрсөтүү боюнча индиялык уюмуну тарабынан уюштурулган ар жылдык иш-чара болуп саналат. 1980-жылы түзүлгөн күндөн тартып бул иш-чара Дүйнөдөгү эң ири көргөзмөлөрдүн бирине айланды. Миллиондогон адамдар, мунун ичинде чет өлкөлүк ишкерлер, дүң жана чекене соодагерлер, ишкерлер, уюмдар жана сатып алуулар боюнча адистер, чет өлкөлүк жана индиялык өнөр жай бирикмелеринин өкүлдөрү, ошондой эле импортерлор жана бөлүштүрүүчүлөр жана жана башкалар бул көргөзмөгө байма-бай катышып келатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17