Аймак

МЭЭРИМ БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИНИН ВАЗИЙПАСЫН АТКАРДЫ

МЭЭРИМ БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИНИН ВАЗИЙПАСЫН АТКАРДЫ

 1,579 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусунун Исфана шаарындагы А.Навои атындагы орто мектебинин 14 жаштагы окуучусу Мээрим бул сапар эки саат Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн кызматтык милдеттерин аткарды.

Ал адегенде облустук өкүлчүлүктүн бөлүм башчыларын чогултуп, аппараттык кеңешме дагы өткөрдү. Ыйгарым укуктуу Өкүл сыңары балдардын укуктарынын корголушу жана балдарга карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды дагы берди. Ошондой эле чек ара аймактарындагы абал, элдин коопсуздугун камсыз кылууну дагы тапшырды. Мээрим өкүл катары бир катар облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана  арыз-даттануулар  менен келишкен жарандарды дагы кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө жардамдашты.  Соңунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызматтык милдеттерин кыска убакытка аркалаган Мээрим өзүнүн жетекчилик сезимдери менен тең бөлүшүп, облус башчысынын чоң жоопкерчилигин, жумушунун оңой дагы эместигин түшүнгөндүгүн туюндурду. Ошондой эле элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечүүдө тынымсыз аракеттенип, иштөө зарылдыгын байкагандыгын дагы кошумчалады.

Соңунда Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Бактыбек Токсонбаев  Мээримдин мындан аркы окуусуна ийгилик жана өзүнө кең келечек тилеп, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн баалуу белектерин дагы тапшырды.

Айтмакчы, он төрт жаштагы Мээрим болочокто дипломат болууну эңсейт. Ал орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Бул иш чара БУУнун балдар укуктарын коргоо боюнча Конвенциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгынынын  жана анын Кыргызстанда ратификация болгондугунун 25 жылдыгынын урматына арналып уюштурулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17