Аймак

МАЙЛУУ-СУУ ШАРЫНДА ЭКОЛОГИЯЛЫК АПААТ ДАГЫ ЭЛЕ КҮЧ!

МАЙЛУУ-СУУ ШАРЫНДА ЭКОЛОГИЯЛЫК АПААТ ДАГЫ ЭЛЕ КҮЧ!

 1,838 Бардыгы /

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарындагы 23 жайга уулуу уран калдыктары ченемсиз эле көмүлгөн. Мындан тышкары тоо жылыш коркунучу бар 13 тилке дагыле дал ушул калаада гана жайланышкан. Анткени, өткөн кылымдын 1946-1968-жылдарында бул жерден уран кени үзгүлтүксүз өндүрүлүп, ага улай тынымсыз иштетилип дагы турган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматына таянсак, тээ Союз мезгилинде эле  Майлуу-Суу шаарында уран үстөккө-босток өндүрүлүп келген. Тилекке каршы, улуу империя СССР ыдырагандан кийин, буга улай Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн эңалгачкы жылдарында аймактагы тоо-кен химиялык комбинаттарындагы зыяндуу уран калдыктары жана уран дагыле сакталган жайлар таптакыр эле каралбай калган. Дал ушунун кесепетинен калаанын айлана-чөйрөсү орду толгус жапа дагы чеккен. Мындан тышкары аталган обьектилерге өтө эле жакын жайланышкан калктуу бекеттердин элинин саламатчылыгына дагы өтө олуттуу зыянын гана тийгизген. Эңэле өкүнүчтүүсү: калаада жайгашкан уран калдыктарын сактоочу жайлар жана тоо кыркалары атайын тосулуп, тегерете кашааланып, анан дагы өзүнчө белгилер дегеле коюлган эмес! Ошондуктан, бул кооптуу жерлерде жаш балдар дагыле кадимкидей ойношуп, а түгүл миёдеген малдар дагы беймарал гана оттоп жүрүшөт.

Мындай өтө аянычтуу акыбалга абдан катуу кабатырланып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (мындан ары ЕРӨБ), Европалык Комиссия (мындан ары ЕК), Европа Коопсуздугу жана Кызматташтыгы Уюму (мындан ары ЕККУ), Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары БУУнун) Өнүктүрүү Программасы, Германиянын “WISITEC” Консорциуму Дүйнөлүк эңабройлуу Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары ЖМКлардын) өкүлдөрүнүн катышуусунда Майлуу-Суу шаарына атайын меди-тур (жүрүш) уюштурушту. Мунун негизги эле максаты: Майлуу-Суу шаарынын бүгүнкү күндөгү кебетесин ЖМКлрда бейтарап гана чагылдырып, бул аркылуу Англиянын башкалаасы Лондон шаарында өтүүчү донор мамлекеттердин Форумунун – атайын жолугушуусунун көңүлүн өзүнөбуруу эле. Ошентип, бул вазийпа моминтип абдан ийгиликтүү аткарылды.

Айтмакчы, бул өңүттө 2015-жылы ЕвроБиримдик жана ЕРӨБ демилгелеп, Экономикалык реабилитациялоо эсеби (мындан ары ЭРЭ) Фонду түптөлгөн. А түгүл бул Фондго кызыкдар жана кудуреттүү өлкөлөр бүт олчойгон каражаттарды дагыле которуп келатышат. Мыдан тышкары Кыргыз Өкмөтүнүн жана ЕРӨБдүн өз ара макулдашуусунан кийин гана уран калдыктарын зыянсыздандырууга абдан батыл киришишти. Маселен, Сумсар шаарчасындагы уран калдыктары жашырылган үч жай, Шакафтар шаарчасындагы сегиз тоо кыркалары, Баткен облусундагы Кан (Советское) шаарчасындагы уран калдыктары жашырылган эки жай, Нарын облусунун Миё-Куш шаарчасындагы уран калдыктары сакталган төрт жай жана төрт радиоактивдүү тоо кыркалары ушул күнгө дейре бүт дээрлик зыянсыздандырылып бүттү.

Ошентсе дагы, айтылуу Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сай уран калдыктары сакталган жай ушул тапта дээрлик толук кыйраган. Анан дагы бул аймакта азыркыга дейре таптакыр мониторинг дагы жүргүзүлбөйт. Ошондуктан, радиациялык уу калдыктар Ысык-Көлгө кадимкидей агылып кириши деле толук ыктымал. Анда Кыргызстандын Берметинен көзкөрүнөө анык эле айрылабыз.  Демек, Кажы-Сай шаарчасындагы уулуу уран калдыктары сакталган жайды чукул арада жана токтоосуз түрдө толук бойдон реабилитациялоо абзел! Антпесек…

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Майлуу-Суу шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17