Аймак

“МЕКТЕП – КООПСУЗ ЖАНА ТЕЛЕФОНСУЗ АЙМАК”

“МЕКТЕП – КООПСУЗ ЖАНА ТЕЛЕФОНСУЗ АЙМАК”

 1,523 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. “Мектеп – коопсуз жана телефонсуз аймак” аталышындагы чоң масштабта алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын аймагында Жалал-Абад ШИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 20-23-ноябрь күндөрү мектеп арасында топтошуп мушташуунун, сабак учурунда телефон колдонуунун жана ар кандай мыйзамсыз коомго жат көрүнүштөрдүн алдын алууда мектеп рекетчилигине каршы күрөшүүдө “Мектеп – коопсуз жана телефонсуз аймак” аталыштагы алдын алуу рейди жүргүзүлдү. Рейд эки бөлүктөн туруп, анда мектеп сыртында текшерүү жана лекция форматында түшүндүрүү болуп ишке ашырылды.

Аталган рейд учурунда мектептен сырткары коомдук жайда тамеки чегип олтурган окуучулар аныкталды. Аларды текшерүүгө алганда кол капчыктарынан тамекилер алынган. . Ал эми соода түйүндөрүндө ата-энесинен адашып калган эки жаш өспүрүм ата-энесине кайтарылган. Рейддин жыйынтыгында телефон өз ээсине кайтарылып берилип, ал эми окуучуларга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 53-беренеси ылайык айыптар салынды. Ошондой эле буга чейин катталган бир майда уурулук фактысынын бети ачылган.

Ал эми экинчи бөлүгүндөгү иш-чарада ШИИБдин ЖЖӨИИнин жана мектеп мугалимдери, соц.адис кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп, өспүрүмдөр арасында мектеп рекетчилигин болтурбоо, өспүрүмдүн интернет аркылуу терс көрүнүштөргө азгырылбоо максатында лекциялар өтүлүп, кылмыштуулуктун жана телефонсуз мектеп туурасында алдын алуу иштери талкууланып, мектеп окуучуларын окуудан сырткары ата-энелери өз көзөмөлүнө алып, ар дайым камкордук көрүүсү зарыл экендиги айтылды. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө, тартипти сактоого, бирин бири сыйлоого чакырышып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн жана бөөдө кырсыктардан алыс болууга үндөштү.

Белгилей кетсек Жалал-Абад шаарында жалпысынан 40 миңден ашуун өспүрүм 20 мамлекеттик жана 7 жеке менчик мектептерде билим алышат. Ал эми бул өспүрүмдөрдү жана мектептерде Жалал-Абад ШИИБнин 7 жашы жете электер менен иштөө инспекторлору өз кызматтарын өтөп келишет.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17