Аймак

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРҮН АЛДЫН АЛУУ

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРҮН АЛДЫН АЛУУ

 755 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Базар-Коргон районунда милиция кызматкерлеринин катышуусунда мектеп окуучулары арасында ар кандай кылмыш, кырсыктардын алдын алуу максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымады.

Маалыматка ылайык, ага райондук администрация, прокуратура өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, социалдык педогогдор жана ата-энелер катышышты. Жыйындын жүрүшүндө окуучулар арасында кылмыштуулукту, суицидди, мектеп рекетчилигин, топтошуп мушташуунун, жалпы эле терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маектешүү, суроо-жооптор болду. Базар-Коргон РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди өз балдарына ар дайым көзөмөл салып, алардын аткарып жаткан иштерине жана мектепке барып келүүсүнө көңүл бурууга чакырышты.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17