Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЖККУнун БАШ КАТЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ ВАЛЕРИЙ СЕМЕРИКОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЖККУнун БАШ КАТЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ ВАЛЕРИЙ СЕМЕРИКОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 869 Бардыгы /

БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук Кеңешинин (ЖККУнун) Баш катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды. Анда мамлекет башчысы Кыргызстан Аймактык жана Эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин мындан ары жогорулатууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

ЖККУнун Баш катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын ноябрындагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча ишчаралардын планынын аткарылышы жөнүндө дагы кеңири маалымат бердиСооронбай Жээнбековго Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирипбелгиленген приоритеттер толук кандуу аткарылгандыгын кошумчалады.

Валерий Семериков үстүбүздөгү жылдын 27-28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук Кеңешине Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарына кароого киргизүүүгө документтер даяр экендигин ачыктады.

Жолугушуу соңунда 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү ЖККУнун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин жыйынына даярдыктардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча дагы пикирлер алмашылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17