Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ Э.БАЙСАЛОВ ЭЛИЗАВЕТА ЭКИНЧИГЕ ИШЕНИМ ГРАМОТАЛАРЫН ТАПШЫРДЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ Э.БАЙСАЛОВ ЭЛИЗАВЕТА ЭКИНЧИГЕ ИШЕНИМ ГРАМОТАЛАРЫН ТАПШЫРДЫ

 711 Бардыгы /

ЛОНДОН. Букингем сарайында өтүп жаткан аземдин жүрүшүндө Кыргыз Элчиси Эдил Байсалов Улуу Британия монархына Кыргызстандагы азыркы кырдаал жөнүндө баян этти. Ошондой эле Улуу Британия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берүүдө Кыргыз тарабынын жогорку кызыкдарлыгы жөнүндө ачыктады. 

Кыргыз Элчиси Эдил Байсалов өзүнүн жаңы кызмат ордунда Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык күч-аракеттерин жумшаарына Бириккен Королдуктун башчысын катуу ишендирди. Королева Элизавета Экинчи Кыргыз Республикасынын жаңы Элчисине алдыга коюлган пландарынын ишке ашырылышына ийгиликтерди гана каалады.

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Эдил Байсалов тарабынан Королева Элизавета IIге Ишеним Грамоталардын көчүрмөлөрүн тапшыруу аземи Британия протоколунун салаттарына ылайык Букингем сарайында өткөрүлдү. Ишеним Грамоталарды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин кызматкерлери дагы катышышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17