Аймак

ГРУЗИЯДА ПАРЛАМЕНТТИ КУРЧАГАН ДЕМОНСТРАНТТАРГА КАЙРАДАН КҮЧ КОЛДОНУЛДУ

ГРУЗИЯДА ПАРЛАМЕНТТИ КУРЧАГАН ДЕМОНСТРАНТТАРГА КАЙРАДАН КҮЧ КОЛДОНУЛДУ

 638 Бардыгы /

Тблисиде парламенттин имаратын курчап алган акция катышуучуларын Грузия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын бөлүгү күч колдонуу менен кууп таратты.

Митингдин миңдеген катышуучулары оппозициячыл лидерлердин чакырыгы менен имаратты курчоого аракет жасап, “Грузин кыялы” башкаруучу партиясынын жыйын өткөрүүсүнө тоскоолдук жаратышкан. Бул тууралуу “Азаттыктын” грузин кызматы маалымдады.

Полиция парламенттин алдын бошотуу үчүн демонстранттарды суу менен аткылады. Оппозиция каршылык акциясын улантарын билдирди.

Митинг учурунда полиция оппозициячыл партиянын бир нече лидерин кармап кетти. Алардын арасында мурдагы президент Михаил Саакашвилинин тарапташтары да бар.

Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы мындан ары шайлоону мажоритардык система менен гана өткөрүүнү көздөп жатат. Келерки жылдары ушул маселе боюнча референдум өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу кечээ аталган партиянын баш катчысы, Тбилиси шаарынын мэри, мурдагы футболист Каха Каладзе билдирди.

Бул мындан эки апта мурда парламенттин алдында башталган нааразылык акциясынын талаптарына караманча каршы келет.

Тбилисиде 14-ноябрдан тартып токтобой жаткан нааразылык акцияларына парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себепкер болгон.

 www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17