Аймак

ТАЖИКСТАНДА ПАХТАНЫН БААСЫ ТӨМӨНДӨП КЕТТИ

ТАЖИКСТАНДА ПАХТАНЫН БААСЫ ТӨМӨНДӨП КЕТТИ

 942 Бардыгы /

Тажикстанда пахтаны кайра иштеткен жана экспорттогон компаниялар быйыл ак буланын килограммын 4 сомониге (40 цент) баалап жатышат. Бул дүйнөлүк рынокто, анын ичинде Ливерпуль биржасында нарктын төмөндөп кеткени менен түшүндүрүлүүдө. Фермерлер болсо мындай баа чыгымдарды жаппай турганын билдиришүүдө.

Тажикстандын айыл чарба министри Изаттулло Саттори ортомчулар жана завод ээлери пахтанын баасын атайылап төмөндөтүп жатат деген пикирде. Анын айтымында, Айыл чарба министрлигинин эсеби боюнча пахтанын бир килосу 6 сомони 70 дирам турат, заводдор аны дыйкандардан 3,5-5 сомониден сатып алып жатышат.

— Өлкөдө 136 пахта тазалоочу завод бар, алар кайсы бир мамлекеттик органга баш ийбейт. Алар өзүнө өзү министр, пахтанын баасын асмандан алып коюп жатышат, – деди министр.

Согди облусундагы “Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы” заводунун өкүлү дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы эми гана жогорулай баштаганын, учурда дыйкандардан аны сортуна жараша 5 сомониге чейин сатып алып жатышканын айтты.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл Тажикстанда 397 миң тонна пахта жыйналды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17