Аймак

ТАЖИКСТАНДЫК БЕЛГИЛҮҮ АДВОКАТТЫН ЖАЗА МӨӨНӨТҮ КЫСКАРТЫЛДЫ

ТАЖИКСТАНДЫК БЕЛГИЛҮҮ АДВОКАТТЫН ЖАЗА МӨӨНӨТҮ КЫСКАРТЫЛДЫ

 740 Бардыгы /

Тажикстанда Конституциясынын 25 жылдыгына арналган мунапыс менен белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун түрмөдөгү жаза мөөнөтү 6 жылга кыскартылды.

Маалыматты Тажикстандын Жаза аткаруу башкы башкармалыгы тастыктады.

Мындан тышкары башка бир адвокат Нуриддин Махкамов түрмөдөн мөөнөтүнөн 4 жыл 3 ай эрте чыкмай болду. Нуриддин Махкамов Ёров менен бирге экстремизм айыбы менен 21 жылга соттолгон.

Буга чейин Бузургмехр Ёров президенттен ырайым суроодон баш тартканы кабарланган.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2016-жылы октябрда Душанбе шаардык соту ага катаал режимдеги абакка 23 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошол эле айда Ёровго каршы «Бийлик өкүлүн кемсинтүү» жана «Сотту сыйлабоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, анын жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулган. Кийинчерээк ага каршы алдамчылык жана тажик президентин кемсинтүү айыптары менен төртүнчү кылмыш иши козголгон.

Сентябрда Бузургмехр Ёров Европа Кеңешинин Вацлав Гавел атындагы сыйлыгына көрсөтүлүп, диплом менен сыйланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17