Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ИШ БЕРҮҮ АГЕНТТИГИ ЖАРАНДАРДЫ 66 МИҢ ДОЛЛАРГА АЛДАП КЕТТИ

ӨЗБЕКСТАНДА ИШ БЕРҮҮ АГЕНТТИГИ ЖАРАНДАРДЫ 66 МИҢ ДОЛЛАРГА АЛДАП КЕТТИ

 873 Бардыгы /

Өзбекстандын Навои шаарында иш менен камсыздоо агенттиги 211 кишини 633 миллион сумга (66 миң доллардан ашык) алдап кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Эмгек министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, өзбекстандыктар Түштүк Кореяга жумушка орношуу үчүн Navoiy xususiy bandlik агенттигине кайрылышкан. Аларга маянасы айына 2 миң долларды түзгөн жумуш сунушталган. Бирок уюмдун кызматкерлери 211 кишинин ар биринен 3 миллион сум (300 доллар) алып, бирок эч жакка жумушка жөнөтүшкөн эмес.

Учурда Өзбекстан Эмгек министрлиги агенттиктин лицензиясын токтотту.

Буга чейин Өзбекстанда чет өлкөдө иш таап берүү үчүн лицензия алган 65 агенттиктин 30у жарандарды жумушка жөнөтүшпөгөнү маалымдалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17