Аймак

ОРУСИЯДА ТАЖИКСТАНДЫН ҮЧ ЖАРАНЫ ТЕРРОРИЗМ АЙЫБЫ МЕНЕН КАМАЛДЫ

ОРУСИЯДА ТАЖИКСТАНДЫН ҮЧ ЖАРАНЫ ТЕРРОРИЗМ АЙЫБЫ МЕНЕН КАМАЛДЫ

 665 Бардыгы /

Москванын Таган райондук соту Тажикстандын Нозим Азимов жана Уктамжон Ражабматов аттуу жарандарын 20-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары кабарлады.

Маалыматка караганда, тажикстандыктар «Интернет аркылуу террордук ишмердүүлүккө үгүттөө» беренеси менен айыпталууда. Аларга төрт жылга чейин эркинен ажыратуу же 300 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы берилиши мүмкүн.

27-ноябрда Орусиянын Иркутск шаарында дагы бир тажик жараны камакка алынды. Азырынча анын аты-жөнү айтыла элек. Ал «Террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Опузалап акча талап кылуу», «Денеге атайылап зыян келтирүү» жана «Адам уурдоо» беренелери менен айыпталууда.

Тергөөнүн версиясына ылайык, айыпталуучу көп жылдан бери «Ислам мамлекети» террордук тобунун активдүү тарапташы болуп, тааныштарын Сириянын аймагындагы согушка катышууга, тажрыйба топтогондон кийин келип теракт жасоого көндүрүүгө аракет кылып жүргөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17