Аймак

НУР-СУЛТАН: ЖАКЫНДАРЫ ШИНЖАҢДА КАМАЛГАНДАР БАСМА СӨЗ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРҮШТҮ

НУР-СУЛТАН: ЖАКЫНДАРЫ ШИНЖАҢДА КАМАЛГАНДАР БАСМА СӨЗ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРҮШТҮ

 685 Бардыгы /

27-ноябрда Нур-Султан шаарында өткөн басма сөз жыйынында 40тай адам казак бийлигине кайрылып, Кытайда камалган туугандарын бошотууга жардам берүүнү өтүнүштү.

Жыйында «Кытайдын саясий лагеринде камакта болгон» бир канча адам ал жерде көргөн азаптары тууралуу айтып берди.

Өзүн Турсынбек Каби деп тааныштырган киши аны Кытайда жер алдындагы зынданда жети күн кордошконун билдирди.

Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районунда уйгур, кыргыз, казак жана башка мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнүн эркиндиги чектелип, укуктары одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет.

Мындан эки аптадай мурда кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан. Бул уюм 12-ноябрда ушул сыяктуу 182 жай бар экендиги тууралуу алгачкы маалыматын таратып, калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде ал лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат.

Өткөн жумада Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган. Анда Кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар.

Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты чогуу иликтеген «Кытай тору» деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү жазылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17