Аймак

СЕУЛ ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР КУРУЛТАЙ ӨТКӨРҮШТҮ

СЕУЛ ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР КУРУЛТАЙ ӨТКӨРҮШТҮ

 1,062 Бардыгы /

СЕУЛ. Сеул шаарында Корея Республикасынын ЖОЖдорунда окуп жатышкан кыргызстандык студенттердин II Курултайы өткөрүлдү. Бул-иш-чараны Болотбек Сулайманов  жетектеген   Кыргыз Студенттер  Биримдиги уюштурду.

Курултайдын жүрүшүндө Кыргыз студенттери Корея ЖОЖдоруна өтүү мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик стипендия алуу жана келечекте жумуш орду менен камсыз болуу туурасында маалыматтарын өз ара алмашышты. Куттукто сөзүндө  Кыргызстандын Кореядагы Элчиси Динара Кемелова студенттердин өз мекенине сөзсүз кайтып, Кореядан алган билимин мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө колдонуусу абдан манилүү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле Корея мамлекетинде Кыргызстанды таанытуу иш-чараларында студенттерди элчилик менен жигердүү кызматтууга үндөдү.

Курултайга ардактуу конок катары Жогорку Кеңеш депутаты А.Б. Баатырбеков, Корея Республикасындагы кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын жетекчилери дагы катышышты.

Мекендеш студенттер Кыргыз Элчиси Динара Кемеловага, Жогорку Кеңеш депутаты А.Б.Баатырбековко суроолорду узатышып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кореяда билим алуусу, консулдукбагыттар, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык, парламент жана мамлекеттик органдардын иш-аракеттери тураасында көйгөйлөрүнө  татыктуу жооп алышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17