Аймак

БАТКЕНДЕ 5000 ГЕКТАРДАН АШЫК  ЖЕРГЕ КҮЗДҮК ДАН ЭГИНДЕРИ СЕБИЛДИ

БАТКЕНДЕ 5000 ГЕКТАРДАН АШЫК  ЖЕРГЕ КҮЗДҮК ДАН ЭГИНДЕРИ СЕБИЛДИ

 1,091 Бардыгы /

Баткен облусунун аймагында келээрки жылдын күзгү түшүмү үчүн 5009 гектарга күздүк дан эгиндери эгилди. Мунун 4773 гектары буудай, а 236 гектары арпа.

Маселен, Баткен району 305 гектарды пландаштырып, бирок, 360 гектарга  себилди. Ал эми Кадамжай району 1500 гектарды пландаштырып, 1500 гектарды айдады. Лейлек району 3000 гектарды пландаштырып, 3039 гектарга дан септи. Баткен шаары 50 гектарды пландаштырып, ушунча аянтка тең дан себилди. Кызыл-Кыя шаары дагы 58 гектарды пландаштырып, дал ушунча аянтка дан азыктарын айдап-септи.

Ошентип, былтыркыга салыштырганда быйылкы жылы жерди айдатпай туруп эгүү, же “Түз себүү” ыкмасы пайдаланылып, Баткен районунда 30 гектар жер түз себүү ыкмасы менен эгилди.  Бул өңүттө “Мол түшүм” айыл чарба кооперативи GIZ бейөкмөт уюму  менен иш  алып  барууда. Мунун натыйжасында  Баткен районунун Кара-Булак, Самаркандек айыл  өкмөттөрүнүн кайрак эгин талааларына жаңы  технология менен “Түз себүү” ыкмасы колдонулуп, күздүк Стекловидный жана Наз буудай үрөндөрү себилди. Ушул тапта бул ыкманын  натыйжалуулугун башка айыл өкмөттөрүнө дагы жайылтуу абдан күч алды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17