Аймак

АЛА-БУКА МИЛИЦИЯСЫ ОКУУЧУЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

АЛА-БУКА МИЛИЦИЯСЫ ОКУУЧУЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 998 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айыл аралашып, мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Алар ата-энелерге эрте никеге туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өз балдарына ар дайым көзөмөл кылууга чакырышты. РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана аймактык участкалык инспекторлор мектеп рекетчилигин жоюу, топтошуп мушташуу жана айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүмдөрдү автоунаа башкарганга жол бербөө максатында атайын лекцияларды өтүшүп, жаштарды тамеки тартуудан, спирт ичимдиктеринен жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөштү. Автоунаа башкарган айдоочуларга кыш мезгилине карата дөңгөлөктөрүн алмаштырып, суук күндөрү муктаж болбогон учурларда көчөгө чыкпай, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырышты. Ошондой эле улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, диний экстремизм, өз жанына кыянаттык кылуу боюнча ой-пикирлер айтылып, кызуу талкууланды.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17