Аймак

ЧАТКАЛ МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ЧАТКАЛ МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,711 Бардыгы /

Чаткал РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ар бир айылдарды аралап, эл менен жолугушушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз учурунда РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери окуучуларга «Мектеп рекетчилигин жоюу», топтошуп мушташуу жана айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкарбоо темаларында атайын лекцияларды өтүшүп, жаштарды тамеки тартуудан, спирт ичимдиктеринен жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөштү. Ал эми аймактык участкалык инспекторлор эл арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мал уурулуктарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошону менен катар мергенчилик менен алектенгендердин курал сактоочу жайларын, сейфтерин көзөмөлгө алышып, кыштын суук күндөрүндө муктаж болбогон учурларда көчөгө чыкпай, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17