Аймак

ТРАМП ООГАНСТАНГА КҮТҮҮСҮЗДӨН БАРДЫ

ТРАМП ООГАНСТАНГА КҮТҮҮСҮЗДӨН БАРДЫ

 786 Бардыгы /

АКШ президенти Дональд Трамп күтүүсүз түрдө Ооганстанга барды. Ал Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугуп, Баграмдагы аскердик базада болду.

Ал жакта президент аскер кызматкерлерин Ыраазычылык күнү менен куттуктады. Бул дата ноябрдын акыркы бейшембисинде белгиленет. Аскерлерге кайрылуу учурунда Трамп АКШ ок атышууну токтотууга макул болушу ыктымал экенин билдирди.

“Талибан келишим түзүүнү каалап жатат”, – деди ал.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин Трамп ашканага барып, офицерлер менен бирге майрамдык дасторкон даярдап, жоокерлер менен кошо түштөндү.

Associated Press маалымдагандай, Ак үй сапар тууралуу маалыматты алдын ала ачыкка чыгарган эмес.

Сентярда Кабулдагы жардыруудан 12 киши, анын ичинде бир америкалык аскер өлгөндөн кийин Трамп талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтоткон.

Бул Трамптын Ооганстанга болгон алгачкы сапары. Ошол эле маалда согуш жүрүп жаткан аймактарга экинчи жолу барышы. Былтыр Рождестводо Трамп Ирактагы АКШнын аскердик базасында болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17