Аймак

КАЗАКСТАН ИРАКТАН 14 БАЛАНЫ ЭВАКУАЦИЯЛАДЫ

КАЗАКСТАН ИРАКТАН 14 БАЛАНЫ ЭВАКУАЦИЯЛАДЫ

 761 Бардыгы /

Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 28-ноябрда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алынып келген балдардын энелери Ирак түрмөлөрүндө камакта отурат.

«Алардын энелери соттолуп, террористтик аракетке катышы болгону үчүн түрмөдө жазасын өтөп жатат», деп айтылат ТИМдин маалыматында. Бул гуманитардык акция балдардын энелеринин жана алардын тууган-туушкандарынын өтүнүчү менен жүзөгө ашырылган.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун Жакынкы Чыгыштагы түйүндөрүнүн көбү талкалангандан бери Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлер менен түрмөлөрдө экстремисттик топтун 10 миңге чукул мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөсү кармалып турганы кабарланып келет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан жыл башынан бери «Жусан-1» жана «Жусан-2» операцияларынын алкагында Сирия жана Ирактагы согуш аймактарынан 600 жаранын кайра артка кайтарып келген. Алардын үчтөн экиси балдар. Кайтарылгандардын арасынан бир тобу териштирүү иштеринен кийин сот жообуна тартылды.

Өзбекстан быйыл 30-майда «Жакшылык» деген гуманитардык операциянын алкагында Жакынкы Чыгыштагы жаңжал жүргөн аймактардан 156 кишисин мекенине алып келди. 11-октябрда да Ирактан өзбекстандык 64 бала, арасында эки ымыркай Ташкентке кайтарылган.

Тажикстан болсо быйыл 30-апрелде Ирактан 84 баланы артка кайтарган. Көбүнүн энелери «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү катары соттолуп Иракта жазасын өтөп жатышат. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы уруш аймактарынан өз жарандарын алып чыга элек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17