Аймак

АЛМАТЫДА «ЭЛ БАШЫНАН ЧИРИДИ» ДЕГЕН БАННЕР ИЛИНДИ

АЛМАТЫДА «ЭЛ БАШЫНАН ЧИРИДИ» ДЕГЕН БАННЕР ИЛИНДИ

 830 Бардыгы /

1-декабрда белгисиз адамдар Алматы шаарындагы көчөлөрдүн бирине «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишти. Бул күн Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары белгиленип, дем алыш деп жарыяланган.

Баннерди илүүгө эч ким жоопкерчилик алган жок, бирок оппозициялык топтордун бири Instagram баракчасына шаардагы адамдар өтчү көпүрөгө илинген жазуунун видеосун жарыялады.

2010-жылы казак парламенти Нурсултан Назарбаевге «Элбашы» деген наам ыйгарган. Бул макам менен Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кол тийбестикке ээ болгон.

Оппозиция Нурсултан Назарбаевдин тушунда «жеке адамдын керт башына сыйынуу» көрүнүшү кеңири жайылган деп сындап келет.

Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Нурсултан Назарбаев президенттиктен 2019-жылы март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидерлигин сактап калган. Ал президенттиктен кеткенден кийин анын ордуна келген мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борбору Астана шаарын Нур-Султан деп атоо тууралуу буйрук чыгарган.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектөө укугун алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17