Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КЕТИП ЖАТКАН МИГРАНТТАРГА КИЧИ НАСЫЯЛАР БЕРИЛЕТ

ӨЗБЕКСТАНДА ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КЕТИП ЖАТКАН МИГРАНТТАРГА КИЧИ НАСЫЯЛАР БЕРИЛЕТ

 1,191 Бардыгы /

Өзбекстанда чет өлкөгө кетип жаткан мигранттарга жумушка орношуудагы чыгымдары үчүн 2 миллион сумдан (210 доллар) кичи насыялар бериле баштайт.

Өлкөнүн Эмгек министрлиги кабарлагандай, тиешелүү макулдашууга мамлекеттик «Узагросугурт» камсыздандыруу ишканасы менен «Микрокредитбанк» компаниясынын ортосунда кол коюлду.

Ага ылайык, мигранттар кичи насыяларды бир күндүн ичинде эле алса болот. Бул үчүн алардан паспорту, арыз жана эмгек органынын өтүнүчү талап кылынат.

Мигранттарга бериле турган бул насыялардын жылдык пайызы 2019-2020-жылдары 10 пайызды, 2021-жылы 12 пайызды түзөт.

Макулдашууга ылайык, мындан тышкары «Узагросугурт» компаниясы мигранттардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууга кете турган чыгымдарды жабуу үчүн аларга 50 000 сумдан (5 доллар) бир жолу субсидия берет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17