Аймак

БИЗ ВИЧ/СПИДге КАРШЫБЫЗ!

БИЗ ВИЧ/СПИДге КАРШЫБЫЗ!

 2,497 Бардыгы /

ВИЧ/СПИД дартын  жуктуруп албаңыз! Алдын ала ден соолугуңуз үчүн текшерилиңиз!
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад локациясынын жашстанчылары мектеп окуучуларына, жаштарга ден-соолгунуз үчүн жылына бир жолу текшерилип, ооруну учурунда алдын алынып калыңыз деген чакырык менен жаштарга аталган дарт тууралуу түшүрмө беришип, атайын көрсөтмө куралдарды көрсөтүшүп, окуучулар тарабынан сахалаштырылган сценка көрсөтүлүп, маалыматтар берилди.

Жалал-Абад областында “Абад” коомдук фондду тарабынан ишке ашырылып, анда 4 райондун 14-18 жаштагы жигердүү мектеп окуучулары тандалып алынган. Долбоорго Базар-Коргон районунан Сейдукум жана Арстанбап аймактары, Сузак районунан Бек-Абад жана Ала-Бука районунан Ак-Коргон аймактарынан жалпысынан 24 мектеп окуучулары тандалып алынды жана алар атайын Жашстан долбоору аркылуу окутуулардан өтүп жатышат.

Эл аралык “Search for common ground” (“Жалпы кызыкчылыктарды издөө”) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырган “Жашстан -2” долбоору өлкөдө ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөйт жана Жалал-Абад областында Абад коомдук фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат. “Жашстан” долбоору БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17