Аймак

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛЕГЕНДЕРДИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛЕГЕНДЕРДИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,587 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 3-декабрь майыптар күнү  Жалал-Абад областтык балдардын психо-неврологиялык социалдык стацоинардык мекемесинде да белгиленди.

Ушул күндү утурлай  Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жетекчилер, окуу жайдын мугалимдери, мекеме-ишканалдарын өкүлдөрү келип балдарды куттукташты.

Анда  “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары жана Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисттери ыр-бийлерди тартуулашты. Келген жетекчилер белектерин тапшырып, балдарга каалоо-тилектерин айтышты.

Жалал-Абад областтык балдардын психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемесинин жетекчиси Дамира Алимжанова бул балдар өзгөчө экендигин жана аларга дайыма көңүл буруу керектигин айтат.

Бүгүн өзгөчө күн бир жыл бою күткөн майрамыбыз. Бул балдарды мүмкүнчүлүгү чектелген деп коюшат, бирок энелик сүйүү, мээримдүү көз караш менен карганда булардын мүмкүнчүлүгү чексиз. Булар өзгөчө таланттуу, сүйкүмдүү жана жароокер балдар, ошондуктан ар жылы майрамда гана эмес дайыма эстеп турушубуз керек. Бүгүн областтык ишканалардын жетекчилери куттуктап келип, белектерин берип балдарды кубандырды. Аларга терең ыраазычылык билдиребиз”-дейт Д.Алимжанова.

Аталган мекемеде жалпы 8 тарбиячы эмгектенип, 5 жаштан 18 жашка чейинки 90го жакын өспүрүмдөр тарбияланат.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак” 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17