Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ СЛОВАКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНЕ ИШЕНИМ ГРАМОТАЛАРЫНЫН КӨЧҮРМӨСҮН ТАПШЫРДЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ СЛОВАКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНЕ ИШЕНИМ ГРАМОТАЛАРЫНЫН КӨЧҮРМӨСҮН ТАПШЫРДЫ

 544 Бардыгы /

СЛОВАКИЯ. Кыргыз Республикасынын Словакиядагы Элчиси Бакыт Жусупов Словак Республикасынын Тышкы жана Европа иштери министрлигинин Башкы катчысы Лукаш Паризекке Ишеним Грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Анда Лукаш Паризек Кыргызстандын Словакиядагы Элчиси катары дайындалышы менен кызуу куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы өз кызматташууга чоң мүмкүнчүлүк бар экендигин баса белгилеп, муну боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн гана колдонуу зарылдыгын кыйытты.  Өз кезегинде Кыргыз Элчиси Бакыт Жусупов Кыргыз-Словак мамилелерин мындан ары ыраттуу өнүктүрүү жана бекемдөө максатында баардык күчтөрүн жумшоого даяр экендигин ачык билдирди.

Ушул эле күнү Кыргыз Элчиси Словакиянын Тышкы жана Европа иштери Министрлигинин  Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия Департаментинин директору Михал Сливович менен дагы жолугушту. Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык актуалдуу маселелерин орой-чарай талкуулашты жана аларды андан ары өнүктүрүү жаатында дагы өз ара пикир алмашышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17