Аймак

ИМПИЧМЕНТ ТУУРАЛУУ ИЛИКТӨӨ: ТРАМП КЫЗМАТ АБАЛЫН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНГАН

ИМПИЧМЕНТ ТУУРАЛУУ ИЛИКТӨӨ: ТРАМП КЫЗМАТ АБАЛЫН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНГАН

 719 Бардыгы /

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы демократтар президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Документте Трамп президенттик ыйгарым укуктарынан аша чапканы, Конгрессте иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратканы айтылат. Бул эки айыптоо тең президентке импичмент жарыялоого негиз болушу ыктымал.

Баяндама Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетине өткөрүлүп берилет. Комитет өз угууларын өткөрүп, анын жыйынтыгында импичменттин беренелерин аныктап, добуш берүү үчүн Палатага жөнөтүшү мүмкүн.

“АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жеке өзү же өкмөттөгү жана анын тышындагы кишилери аркылуу 2020-жылы АКШда өтө турган президенттик шайлоого чет өлкөлөрдүн, Украинанын кийлигишүүсүнө ортомчулук кылган. Мындай жол менен кайра шайлануу үчүн атаандашынын перспективаларын кыйындатып, шайлоону өз пайдасына чечүүгө аракет жасаган. Муну менен ал жеке кызыкчылыгын АКШнын улуттук кызыкчылыктарынан жогору койгон”, – деп айтылат документте.

Документтин авторлору Трамп атаандашы Жо Байденге зыян келтирүү үчүн Украина бийлигине басым көрсөткөнү далилденди деп эсептешет. Басымдын негизги куралы катары Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуп койгону белгиленген. Конгресстеги угууларда бир катар күбөлөр Трамп украин бийлигинен Байдендин уулунун бул өлкөдөгү иштерин иликтөөнү сураганын айтышкан.

Ошол эле маалда баяндамада импичмент жарыялоо үчүн кайсы беренелер колдонулушу керек экени көрсөтүлгөн эмес.

Республикачылар жана Трамптын өзү айыптоолорду четке кагып келет.

Эгер импичмент жарыялоо сунушу колдоо тапса, президентти кызматтан четтетүү чечимин республикачылар басымдуулук кылган Сенат кабыл алат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17