Аймак

КАЗАКСТАНДА ШАЙЛООЛОРДУ УЮШТУРУУГА КАТЫШКАН МУГАЛИМДЕРГЕ АКЫ ТӨЛӨНӨТ

КАЗАКСТАНДА ШАЙЛООЛОРДУ УЮШТУРУУГА КАТЫШКАН МУГАЛИМДЕРГЕ АКЫ ТӨЛӨНӨТ

 890 Бардыгы /

4-декабрда Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы шайлоолорду уюштурууга катышкан мугалимдерге акы төлөп берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды.

Документти 107 депутаттын 105и колдоду. Ал 28-ноябрда биринчи окууда кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда «педагогдордун ар-намысына зыян келтирүү үчүн» административдик жоопкерчилик нормаларын киргизүү, маянаны көбөйтүү жана эмгек өргүүнү узартуу сунушталган. Мындан тышкары мугалимдерди «өзүнө таандык эмес иштерге» тартуу үчүн айып пул киргизүү каралган.

Казакстанда айрым мугалимдер түздөн-түз милдеттерине кирбеген иштерге тартылып жатканына даттанып келишет.

Бул өзгөртүүлөр парламент мажилисин шайлоонун алдында кабыл алынууда. Конституцияга ылайык, парламенттин төмөнкү палатасын шайлоо 2021-жылы өтүшү керек. Бирок активисттер добуш берүү мөөнөтүнөн мурда өтүп калышы мүмкүн деген божомолдорун айтып келишет. Казакстанда 1995-жылы Конституция кабыл алынгандан бери өлкөдө бир дагы парламенттик шайлоо өз убагында өткөн эмес.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17