Аймак

ӨЗБЕКСТАН ИИМИ КАЙГУУЛ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ИШТЕП ЖАТКАНЫН БИЛДИРДИ

ӨЗБЕКСТАН ИИМИ КАЙГУУЛ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ИШТЕП ЖАТКАНЫН БИЛДИРДИ

 880 Бардыгы /

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) облус чек араларында мурда жоюлган көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин кайрадан иштей башташы тууралуу комментарий берди.

ИИМ билдиргендей, жол кайгуул бекеттери убактылуу иштейт. Бул парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү учурунда коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Буга чейин Хорезм облусунун Хазарасп району менен Анжиян облусунун Шахрихан районунда жол кайгуул кызматкерлери унааларды токтотуп, текшере баштаганы кабарланган.

Фергана облустук акимчилигинин капиталдык курулуш бөлүмүнүн кызматкери посттор аткезчилик менен өлкөгө кирген товарларды чектөө үчүн кайрадан иштей баштаганын айткан.

2017-жылы декабарда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев облустар ортосундагы жол кайгуул бекеттери соода-экономикалык байланыштарга жана туризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын билдирген.

Мындан соң облус чек араларындагы бир нече кайгуул посттору жоюлган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17