Аймак

ТАШКЕНТТЕГИ ГАЗ ЖЕТИШСИЗДИГИ МЕТРО КУРУЛУШУ МЕНЕН ТҮШҮНДҮРҮЛҮҮДӨ

ТАШКЕНТТЕГИ ГАЗ ЖЕТИШСИЗДИГИ МЕТРО КУРУЛУШУ МЕНЕН ТҮШҮНДҮРҮЛҮҮДӨ

 696 Бардыгы /

Ташкенттин айрым райондорундагы газ жетишсиздиги шаардагы метро курулушуна байланыштуу. Бул тууралуу «Узтрансгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

— Жер алдына метро куруу маалында айланма жолдун жээгиндеги 1,5 чакырымга созулган газ түтүктөрүн алууга туура келген. Буга байланыштуу күн суукта шаардын айрым райондорунда газдын басымы төмөндөп кеткен, — деди ишкана өкүлү.

Анын айтымында, учурда түтүктөрдү жолдун карама-каршы тарабына көчүрүп, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 800 метр жерге газ кууру төшөлүп бүттү.

22-ноябрдан бери Ташкенттин Мирабад, Чиланзар, Сергели, Шайхантахур, Яккасарай жана Учтепа райондорунда газдын басымы кескин төмөндөп кеткен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17