Аймак

 1,262 Бардыгы /

Сабактын темасы : Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы терс каармандар

Сабактын максаты:

– Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча терс каармандарды туура талдай алышат.

– окуучулар эркин ой жүгүртө алышат, сөз байлыгы өсөт, өз пикирлерин сабакта талашып-тартышуу менен далилдей алышат.

– ак ниеттүү , таза, гумандуу, мекенчил жана адилет, сабырдуу, кечиримдүү болууга үйрөнүшөт

Сабактын жабдылышы: «Сот», «Актоочу», «Каралоочу», «Күбө» деген жазуулар окуучулардын төшүнө тагылат. Буклеттер, учкул сөздөр жазылган дубал газета, “Сезимдер” дарагы .

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын усулу: Интерактивдүү

Сабактын формасы: Сот сабагы

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Класстагы стул ,парталар сот залындагыдай жайгаштырылып коюлат. Окуучулар сотто отургандай отурушат. Эл (ата-энелер да бар)

Сот катчысы: Ордунардан тургула, сот келатат!

Сот: Урматтуу сот жараянынын катышуучулары, бүгүнкү сот улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы терс каармандардын ишин кароого арналат.Соттолуучулар кириңиздер, (Толгонай эне баштаган топ киришет. Алар:Ысмайыл, Бостон, Базарбай, Орозкул, Ильяс, Жамийла, Данияр, Сабитжан)

Толгонай эне – Уруксат этиниз ,урматтуу сот төрагасы

Сот : -Айтыныз

Толгонай эне: – Оо кыргыз элим, силердин алдыңарга турмуштун тайгак кечүүсүн кече албаган тагдырдын оош-кыйышына чыдай албаган, сабырдуу боло албаган Айтматовдун каармандарын алып келдим. Жок мен лып келбедим өздөрү келишти . Мен бар болгону ошол көчтү баштап келдим. Алар жашоодо кагылды, согулду, жасаган иштери учун өкүнүштү. Адашкан каармандарды тагдыр өзү тарбиялады. Мен көп сүйлөбөйүн баарынын өз оозунан уккула. Кана замандаштар сөз силерде.

Каралоочу: Уруксат этиниз ,урматтуу сот төрагасы

Сот: Айтыныз

Каралоочу: Сиз Ысмайыл, эмнеге согуштан качып келдиңиз. Ата Мекенди коргоо жигиттерге ыйык парз экенин,милдет экенин билет элеңиз да

Ысмайыл: Улуу Ата Мекендик согушта тирүү калбашымды билдим. Апамды,аялымды жана жаны эле төрөлгөн ымыркайымды көрбөй калуу ,мага чоң коркунуч эле.Бир мен жок болсом эч нерсе өзгөрбөйт деп ,билинбей эле калат деп коркоктук кылдым –деп башын жерге салат.(Муңдуу музыка угулат)

Актоочу: Ысмайыл келбегенде аялынын ,баласынын тагдыры эмне болмок .Ансыз деле жесир аял, жетим балдар көп эмес беле ошол мезгилде. Отурган элдер: Ысмайыл коркок,ал күнөөлүү –деп кыйкырышат

Ысмайыл: Коркок болдум, коргободум Мекенди,Эл алдында жүзүм болду караңгы. Оо, Жер Эне, кыргыз элим кечиргин, качкын, ууру,арсыз мендей балаңды. Кеч түшүндүм, тоодой болгон катамды,Эрдик кылып,алган жокмун батаңды. Жигиттерге айтаар менин акылым, Журт коргогон асыл инсан болгула, Качкын , уруу деген атка кабылбай, эли журттун купулуна толгула! (башын жерге салып,үнсүз туруп калат)

-Каралоочу: Уруксат этиниз, урматтуу сот төрагасы

Сот: Айтыңыз

Каралоочу: Сиз Бостон, Базарбайды өлтүрүү менен карышкырлардын өчүн алдыңызбы же карышкырлардын сизге жасаган зөөкүрлөгөнүн улам Базарбайды өлтүрдүңүзбү?

Бостон: Ал карышкырларга кол салды. Карышкырлар болсо аны менен мени адаштырып жалгыз уулумду алып кетти. Мен баламдан айрылдым.

Каралоочу: Андай болсо сиз сотко бербейт белениз,прокуратура органдарына кайрылбайт белениз. Акыры жашоодо эң бир адилеттүү сот бийлиги бар го

Бостон: Жок, мен өз колум менен жайлайын деди. Дүйнөдө андай Базарбайдай кишилерге жай жок. Базарбай булл жашоодо жашоого татыктуу эмес дедим. Көзүм караңгылап,өзүмдү тааный албай калдым. Сабырым жетпеди. Күнөө иш кылдым. Базарбайдан айырмам калбады. Кечир элим, эгер мендей сабырсыз, күчсүз уулуңду кечире алсаң.

Базарбай : Абийиримди алмаштырып аракка ,кош Көкжалды зар какшатып ыйлатып,Бөлтүрүктү сатып толгон байлыкка ,Кыялымда көп акчаны санадым. Арамдык жок ,адал инсан Бостондун,турмушуна чоң калаба баштадым. Акбараны адамдарга кас кылып, уулунун да башын жутуп таштадым. Билем , билем күнөөм менин тоодой көп. Мен сыяктуу болбогула кара өзгөй, Кечиргиле элим мени ,кечиргин. Болбосо сүргүн кылып кетиргин.(чөгөлөп отуруп калат)

Эл: Уят сага,байлыктын кулусун,уят сага

Каралоочу: Уруксат этиңиз, улуу сот төрагасы

Сот: Уруксат,айтыңыз

Каралоочу: Сиз Орозкул ,эмнеге Бугу Энени аттырып мүйүзүн алдыңыз

Орозкул: Мен балалуу болбодум. Бул дүйнө менен кош айтышсам, мени эч ким эстебейт, эч ким мага арнап күмбөз курбайт деп жаңылыш жасаган ишим болчу.

Актоочу: Сизди ,Орозкул,окурмандар жакшы эстешет,кыргыз эли сиздин тагдырыңызды билишет. Кинолордо ,театр сахналарда, мектептерде , окуу жайларда көп эскеришет .

Орозкул: Кечир мени ,бала көрбөс арсызды, касиеттуу кагылайын өз элим. Пейилимден таптым далай азапты , бул ичкилик көп иштерди жасатты. Каргышыңа калып бугу- маралдын , кол көтөрдүм кайберендин пирине. Айтаар кенеш келе жаткан муунга , табияттын каарына эч урунба! Кечир элим , кечир мени кечиргин- деп бутылканы кучактап отуруп калат.

Сот: Жамийла сиз неге кыргыз салтын тебеледиңиз?

Жамийла: Тепседи кыргыз салтын деп, энелер мени жек көрөт. Жашоосун эрдик менен тапты деп, далайлар мени эп көрөт. Кантсе да менин күнөөм бар. Ак нике аттап ,жүз ачкан, жозунсуз жорук баштагам. Данияр менен бир качкам. Кечиргиле айымдар, менде да намыс, уят бар. Атайын жазган кат албай, аялда болуп барк албай. Эсинен чыгып Садыктын,ыйымды турдум басалбай. Жарпымды жазып, дем берип. Жөлөөр адам табылды, арасат жүргөн Жамийлаң, чын сүйүүгө кабылды.

Актоочу : өз сүйүүсү үчүн күрөшкөн, чындыкты ашкере кыла алган , салттан кечип бакытка жете алган кыздар чанда гана учурайт.

Каралоочу: Урматтуу сот төрагасы акыркы күнөөкөр Сабитжанга суроом бар

Сот: Бериңиз сурооңузду

Каралоочу: Эмнеге сизди  ”маңкурт” деп аташты

Сабитжан: Адал мээнет менен жашап өтүшкөн, ата-эненин баркына мен жетпедим. Кабар алып алдына, шаардан келип кетпедим. Салтты унутуп, наркты унутуп атанын Кыргызымдан ,эне тилден четтедим. Манкурт дешти бүгүнкүлөр макулмун, анан кантем аткарбасам керээзин . Эне –Бейит уламышын эстетсем,Казангаптын уулу дешип сыйламак Сезим болсо дээримде адамдык ,аткарылбай калган керээз кыйнамак. Кечиргиле жаш муундар мендей болгон маңкуртту.

Сот : Анда сот кенешүүгө кетет (отургандар каармандардын күнөөлөрүн айтышып чурулдашат)

Сот катчысы: Тынчтангыла ,ордунардан тургула ,сот келатат!

Сот: Кыргыз Республикасынын…(деп сүйлөп турган учурда эшиктен кийимдери тытылган ,эски чарык сүдүрөгөн, колунда аса таягы менен бир карыя кирип келет. Баарынын көңүлү ошого бурулат.

Карыя: Урматтуулар, биз мусулманбыз.Хадисте айтылган «кандай кунөө болсо да чын көңүлүнөн, жүрөгүнөн кечирим сураса жараткан кечирет « дейт . Бул турган күнөөкөрлөр кечирим сурап жатышат. Оо ,улуу эл ! Кечирели буларды! Булар күнөөлөрүн түшүнүп жетти , адашкан кадамдары үчүн өкүнүштү – деп Толгонай эне айтып жатпайбы. Келгиле кең пейилдүү болуп кечирели!

Эл: Ооба,Ооба… Кечирели ,кечирели…

Сот: Элдин талабы боюнча, бул күнөөкөрлөр кечирилди деп ,папкасын жабат да . Сот өз ишин аяктады -деп баягы карыяны караса, жок, көздөн кайым болуптур.(Ал карыя Кызыр ата болчу)

Сабакты бышыктоо: Суроолор,соттун чечими, карыя боюнча, кылмыш кылса кечирип коет экен деп кылмыш жасай берүү керекпи деген ойлор пайда болушу, жана башка темага байланышкан талаш-тартуулар болот.

Сабакты жыйынтыктоо: Каармандарды сотто отурган эл баалайт.

Тапшырма : Соттолбогон кайсыл каармандар калды-таап келүү жана талкуулоо

 

№26 Жаңы-Шаар жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мунайым КУЛИШЕВА.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17