Аймак

ТОКАЕВ НЕМИС ИНВЕСТОРЛОРУНА ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАРДЫ УБАДАЛАДЫ

ТОКАЕВ НЕМИС ИНВЕСТОРЛОРУНА ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАРДЫ УБАДАЛАДЫ

 751 Бардыгы /

5-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Берлинде германиялык кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту.

Расмий басылмалардын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «өз ара кызыгуу жараткан маселелер тууралуу» сөз болду.

Ошол эле күнү кечинде Токаевди Германиянын канцлери Ангела Меркель дагы кабыл алды.

Токаев жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында немис инвесторлору үчүн өзгөчө шарттарды сунуштоого даяр экенин айтып, бул эки тарапка тең пайдалуу болорун билдирди.

Казак президентинин администрациясы кабарлагандай, Германия Токаев президент катары расмий сапары менен барган Европа биримдигиндеги алгачкы өлкө болду.

Токаевдин Берлинге сапарынын алдында укук коргоочулар президенттин адам укуктарын коргоо тармагындагы убадалары аткарыла электигин эскертишти.

Токаев Deutsche Welle басылмасына берген интервьюсунда Казакстанда демократия бар экенин жана аны өнүктүрүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17