Аймак

ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЧЕК АРАДА АБАЛ ТЫНЧ

ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЧЕК АРАДА АБАЛ ТЫНЧ

 675 Бардыгы /

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Ала-Бука районундагы Ак-Курча аймагында жергиликтүү тургундун малы Өзбекстанга өтүп кеткен.

Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, мал чек арадан өтүп кетсе коңшу өлкөнүн чек арачылары айдап келиши керек. Ушул эреженин негизинде өзбек чек арачылары малды айдап келген учурда жергиликтүү тургундар менен кайым айтыша кеткен.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек арачылары келип, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Натыйжада эки тараптын ортосундагы түшүнбөстүк жөнгө салынган.

Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуу болбогонун жана абал тынч экенин кабарлады.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17