Аймак

СПОРТ ЧЕБЕРИ, ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТСМЕНИ НААМДАРЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

СПОРТ ЧЕБЕРИ, ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТСМЕНИ НААМДАРЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

 1,312 Бардыгы /

Бүгүн 9-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында спортто ийгиликке жетишкен бир катар кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Казахстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин дүйнөлүк кубогу үчүн Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн күжүрмөн самбо боюнча мелдешке Жалал-Абад областынын «Динамо» командасы да катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Атап айтсак:

– 68 кг салмакта Эмилбек Мурзабаев 2-орун;

– 82 кг салмакта Бектур Идирисов 2-орун жана жылдын мыкты спортсмени наамы;

– 90 кг салмакта Нурсултан Тайлаков 3-орун жана спорт чебери наамы.

Ошондой эле Ош шаарында өткөрүлгөн «Алыш» ден соолукту чыңдоо борборунун күжүрмөн самбо боюнча ачык биринчилигинде КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Искендер Абдикаимов 68 кг салмакта 1-орунду ээлеп, медал тагынды.

5-6-декабрь күндөрү бокс боюнча Ош шаарында болуп өткөн оор атлетика спорт мектебинин кубогуна арналган мелдеште 69 кг салмак өлчөмүндө 2-орунду ээлегендиги үчүн Атайын операциялык отрядынын (ОСО) кызматкери Мурас Шербаев медал жана диплом менен сыйланды.

«Аймак»

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17