Аймак

Уулкан КОЖОЕВА: “ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИПТИ АРКАЛАБАГАНЫМДА СУДЬЯ БОЛМОКМУН»

Уулкан КОЖОЕВА: “ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИПТИ АРКАЛАБАГАНЫМДА СУДЬЯ БОЛМОКМУН»

 3,487 Бардыгы /

Блиц инфо:

Туулган жылы: 20.09.1978-ж.

Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу району

Билими:  Жогорку, юриспруденция адистиги

Өрнөк алган адамы: Ата-энеси

Жактырган тамагы: Ак кордо, гамбургер

Жактырган түсү: Ак, кара

Көп колдонгон сөзү: “Буйруса”

Жашоодогу урааны: Ар дайым акыйкат үчүн!

Үй-бүлөлүк абалы:  Эки баланын энеси.

 

-Журналисттик жолуңуз качан башталган жана ага эмне түрткү берген?

-Менин алгачкы бул багыттагы ишмердүүлүгүм 1998-жылы “Пирамида-Ош” телерадиокомпаниясында башталган. Негизи мектепте, кийин университетте деле ар кандай иш-чаралар болсо алып баруучулук кылат болчумун. Бирок эч качан журналист болом деп ойлогон эмесмин. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, ушул тармактын ашканасына кантип аралашып калганымды чындыгында байкабай калдым.

Журналист деген ким жана ал кандай болуш керек?

Журналист – бул универсал адам. Ар дайым акыйкат үчүн күрөшүп, муктаждарды сооротуп, көпөстөрдү кордотуп, жашоодогу тараза ташы акыйкат жакка ооп турган инсан болуш керек деп ойлойм.

-Сиздердин кесип ары түйшүктүү, ары кызыктуу болот эмеспи… Съемка учурунда кандай кызыктуу окуяларга кабылгансыз?

-Ооба, биздин жумуш күн сайын ар башка кызыктуу окуялар менен коштолот. Бирок мен үчүн ары кызыктуу, ары жооптуу окуя жакында эле болду. Өзүңүздөргө маалым болгондой адашпасам август айынын акыр ченинде борбордук базардан өрт чыгып, баарыбыздын шаштыбызды кетирди. Ошол өрт чыккан күнү, түнү менен окуя болгон жерде болуп, эрте менен дагы ага тийиштүү съемкалар болуп, иши кылса бир сутка уктабаган жаным  элге туура маалымат жеткирүү үчүн кечки 21:00гө түз эфир да уюштуруп койгом. Эфирге чейин бир аз үстү башымды оңдоп алайын деп 18:00 чамасында үйгө келдим. Анан диванды көрүп, кызарып кеткен көздөрүмдү аяп, бир аз куш уйку салып алайын дедим. Көз илинип, катуу уктап калбайын деген кыялда будильникти 19:30га коюп, жаздыкка башымды койгонумду билем. Анан эле бир убакта телефон шыңгыраганы кулакка чалынды. Ачуум келип, түн жарымда да тынчтык жок деп көзүмдү араң ачып, телефонго жеткенче балдарым бөлмөсүндө жок экенин көрүп жүрөгүм оозума капталды. Ишенесизби, бала дегенде эненин жүрөгү токтойт дегенге ошондо чындап ишендим. Балдарым кайда кетти, неге жайларында жок? – деп эндиреп туруп калдым. Көзүм шыңгырап жаткан телефонго түштү. Карасам мени менен чогуу иштеген эң жакын адамым Роза экен. Ошол телефондогу Роза деген жазууну көрүп, саат 21:00дө түз эфирим бар экенин, балдарым сыртта ойноп келебиз деп суранып чыгып кеткендерин эстедим. Саатты карасам 21:00гө 7 мүнөт калыптыр. Ишенесизби, ушунчалык тездик менен колума илешкен костюмумду кийип, чагылгандай сыртка атып чыктым. Сыртта олтурган кошуналарымдын суроолору бул жолу жоопсуз калды. Себеби убактым өтө тар эле. Бирок эне экенбиз да, сыртта ойноп жаткан балдарымды таап, аларды үйгө киргизип, жакшы отургула деп дайындаганга үлгүрдүм. Менин 10 жылдык досум, акжолтоюм болгон унаам бул жолу да мага чоң жардам берди. Акыры 7 минут эмес, 10 мүнөт дегенде эфирге үлгүрүп бардым. Чач жасалгасы бул жакта турсун, бетиме упа койгону да чамам жок болчу, себеби мындай кырдаалда менин кебетем эмес эфир аркылуу өрт боюнча так маалымат маанилүү орунда болчу. Эфирден соң келген коноктордун баарын кетирип коюп, бир бөлмөгө камалып алып  ыйлап алдым. Албетте бул көз жаштар сүйүнүчтүн, намыстын  көз жаштары эле, себеби баары күткөн көрсөтүү өз убагынан 5 минут кеч калса да үзгүлтүккө учурабай эфирге чыкты. Мындай толкундоо, мындай желкемден жүк аңтарылган сезим менин жашоомдо алгачкы жолу болду. Баары үчүн Аллахыма чексиз шүгүр айтам.

-Иштеги жетекчилик тарабынан уруш уккан күнүңүз болгонбу? Кайсы катачылыгыңыз үчүн…

-Буга чейинки жылдар аралыгында сын материалдарым үчүн бирге иштешкен жетекчилеримдин көбүнөн эле сөгүш уккам. Азыркы жетекчибизди абдан сыйлайм. Себеби Союзбек Акжигитович да ар дайым акыйкат тарапта жүргөн инсан. Ошондуктанбы, айтор азыркы жумушумда  жетекчимден бир да  сөгүш уга элекмин. Кантсе да кудайым андай күндөрдүн бетин ары кылсын.

-Бакыт сиз үчүн эмне?

-Бакыт – бул сөз менен айтып бүткүс ички дүйнөңдөгү сени ар дайым жакшылыкка үндөгөн сезимдер. Бактылуулукту сезе билүүнүн, анын кадырына жетүүнүн өзү эле бир чоң бакыт. Менин бактым алтын апам, бир туугандарым,  үй-бүлөм, чырактай болгон балдарым, айланамда курчап турган жакын инсандарым, сүйүктүү жумушум, андагы бир туугандай болуп калган кесиптештерим, жараткандын берген ар таңы булардын баары баа жеткис  бакыт. Өзүбүздүн алты саныбыз аман болуп басып жүргөнүбүздүн өзү бакыт. Бактылуу болууну самаган инсан үчүн бакыттын чеги жок. Аны жаратуу, сезе билүү ар бир адамдын өз колунда. Албетте бул турмушта телегейи тегиз адамдын өзү жок болуш керек. Баарынын өзүнө тийиштүү маселелери болот. Бирок айрым учурларда биз инсандар ага туруштук бере албай түйшүккө түшүп, анын ырбап кетишине өзүбүз жол ачабыз. Ажалдан башка бардык түйүндүн чечимин тапса болот. Ал үчүн сабыр жана туура чечим гана керек. Адамзат үчүн бул жашоого келгендин өзү бакыт. Демек биз адамдар бул жашоого келген соң бактылуу өмүр сүрүүгө Кудайга шүгүр келтирип жашоого милдеттүүбүз деп ойлойм.

гер сиз журналист болбогонуңузда, кайсы кесипти аркаламаксыз?

-Журналисттик кесипти аркалабаганымда мен судья болмокмун. Себеби кичинемден эле “мен сот болом” дечүмүн. Ошол үчүн да өзүм юриспруденция адистигине тапшыргам. Бирок тагдыр экен журналистика тармагына сүңгүп кирип кеттим. Эң башкысы өкүнбөйм. Бул кесипти чындап сүйүп калдым. Мүмкүн келечекте ошол балалык мезгилдеги кыялдарымды орундатканы аракет кылармын. Эми аны убакыт көрсөтөт. Адамзаты үчүн ийгиликтин жана жакшылыктын эрте кечи жок. Ал ар дайым биздин аракетибизге гана көз каранды болуп келген. Бул жашоодо бир гана өз жаныбыз өз колубузда эмес. Аны берүүчү да, алуучу да жалгыз Аллах. Ошондуктан биз адамдар бир жолу берилген мүмкүнчүлүктү бай бербей колдон келишинче аны жакшы иштерге багыштайлы. Бүгүн барбыз, ал эми мүмкүн эртеңки таңды көрүү насип этпей калар. Бүгүнкү күндүн кадырына жетип бактылуу жашап, бирок өлүмдү эстеп туруу бул ар бир адамдын инсандык парзы.

-Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң ыракмат.

Жалпы теле кызматкерлерин келе жаткан 8-декабрь – радио жана телевидение күнү менен куттуктайбыз.  Сүйүктүү, түйшүктүү, сыймыктуу иштериңиздерге чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

 

Маектешкен: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17