Аймак

МИРЗИЁЕВ КАМАКТАГЫ 92 АДАМГА ЫРАЙЫМ БЕРДИ

МИРЗИЁЕВ КАМАКТАГЫ 92 АДАМГА ЫРАЙЫМ БЕРДИ

 707 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 27 жылдыгына карата 92 жаранга ырайым берилет. Алардын 79ун тыюу салынган уюмдардын ишине катышканы үчүн соттолгондор түзөт.

Жарлыкка ылайык, 20 адам жазадан толугу менен бошотулса, 37си мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгат. Дагы 16 кишинин жазасы жеңилдейт. Жалпысынан 73 адам эркиндикке чыгып, пробация кызматынын каттоосунан чыгарылат.

Мындан тышкары 19 адамдын жаза мөөнөтү каскартылат. Ырайым берилгендердин арасында үч аял жана 60 жаштан ашкан үч эркек бар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17