Аймак

“КИТЕПКӨЙ КЫРГЫЗСТАНГА” ДАГЫ БИР КАДАМ ТАШТАЛДЫ (сүрөт)

“КИТЕПКӨЙ КЫРГЫЗСТАНГА” ДАГЫ БИР КАДАМ ТАШТАЛДЫ (сүрөт)

 1,885 Бардыгы /

Сузак районунун Кара-Дарыя айылында “Китепкөй айыл” акциясынын жыл жыйынтыктоо иш-чарасы өттү.

Китепке, билимге инвестиция жасаган бул акцияны Кара-Дарыя жаштар коомунун алдында түзүлгөн “Бүркүт” жаштар бирикмеси колго алып, буга чейин бир топ иш-чараларды уюштуруп келишкен. Аталган саамалыкка “Дост-курулуш” компаниясынын директору Түгөлбай Сейдалиев, Салымбеков бизнес  мектебинин Жалал-Абаддагы негиздөөчүсү Бектур Токтоноев, Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ороз Абдылаевдер чакырылып, жаштарды китепке чакыруу багытында өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, областтагы “Китепкөй Жалал-Абад” акциясын алгачкылардан болуп  аталган айылдын жаштары колго алган. Кара-Дарыя жаштар коомунун демилгеси менен айылда эки китепкана жаңыланып, жаңы 800дөн ашуун китептер тапшырылган.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17