Аймак

ТАШКЕНТТЕ ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТКЕРИ МАС АЙДООЧУНУ БУТКА АТТЫ

ТАШКЕНТТЕ ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТКЕРИ МАС АЙДООЧУНУ БУТКА АТТЫ

 963 Бардыгы /

Ташкентте Жол кайгуул кызматынын инспектору өзүн агрессивдүү алып жүргөн мас айдоочуну бутка атты. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 8-декабрга караган түнү Ташкенттин Чиланзар районунда болгон. «Лабо» үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан айдоочу эч кандай себепсиз эле бетон тосмону сүзүп токтогон. Жыйынтыгында анын автоунаасы аласалып кеткен.

— Болжол менен айдоочу мас болгон. Ал протокол түзүү үчүн келген инспекторлорго бычак шилтеп, каршылык көрсөткөн. Айланадагы адамдарга коркунуч жаралгандыктан, инспекторлор алгач эскертүү катары асманга ок чыгарып, андан соң айдоочуну бутка атууга аргасыз болушкан. Анын колуна кишен салынып, ооруканага жеткирилди, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Териштирүүнүн жүрүшүндө айдоочу Ташкенттин 43 жаштагы тургуну экени аныкталган. Буга чейин ал «Адам өлтүрүү» жана «Атайылап денеге зыян келтирүү» беренелери менен соттолуп чыккан.

Учурда Чиланзар райондук прокуратурасы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17