Аймак

ТАЖИКСТАНДА ЖЕКЕ АДАМДАРГА БААЛУУ ТАШТАРДЫ КАЗУУГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

ТАЖИКСТАНДА ЖЕКЕ АДАМДАРГА БААЛУУ ТАШТАРДЫ КАЗУУГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

 815 Бардыгы /

Тажикстанда жеке адамдарга түстүү металлдар менен баалуу таштарды казууга уруксат берилди. Мындай ишмердүүлүк үчүн лицензия берүү тартиптерин өкмөт 27-ноябрда бекиткен.

Ага ылайык, жеке адамдар алтын, ак алтын, күмүш, калай, вольфрам, титан, рубин, сапфир, берилл, нефрит, агат өңдүү металлдар менен баалуу таштарды каза алышат. Алардын жеңил шаймандарды, кыймылдаткычынын кубаттуулугу 50 аттын күчүнөн ашпаган техникаларды жана кубаттуулугу саатына 5 куб метрден жогору болбогон кичичайкоочу аспаптарды колдонушуна уруксат берилет. Ошол эле маалда тоо тектерин тазалоо үчүн химиялык реагенттерди пайдаланууга тыюу салынат.

Жеке адамдар казылган баалуу металлдар менен таштарды өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдарды сактоо мекемесине же кенди кайра иштетүү лицензиясы бар ишканаларга сатууга милдеттүү болушат.

Казуу иштерин мамлекеттин балансында болбогон, жеке же юридикалык тарапка тиешелүү эмес жана запасы аныктала элек жердерде жүргүзүүгө мүмкүн. Мындай жерлерде тажик өкмөтүнүн алдындагы Башкы геология башкармалыгы аныктап, Каржы министрлиги бекитет.

Буга чейин «Настоящее Время» телеканалы жергиликтүү тургундар Шугноу кенинде кантип алтын казып жатканын көрсөткөн. Анда алардын ишмердүүлүгү жарым-жартылай мыйзамсыз болгон.

Учурда Тажикстанда 137 алтын кенинде чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Алтын казуунун көлөмү жыл сайын өсүүдө: 2012-жылы 2,5 тоннага жакын алтын казылса, 2017-жылы бул көрсөткүч 6,5 тоннага жеткен. Бирок өлкөдө баалуу металлдарды казуу лицензиялары негизинен кытай-тажик биргелешкен компанияларга берилип келет.​

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17