Аймак

ТҮРКМӨНСТАН: ШААРЛАР ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЭЛДИН ЭСЕБИНЕН КООЗДОЛУУДА

ТҮРКМӨНСТАН: ШААРЛАР ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЭЛДИН ЭСЕБИНЕН КООЗДОЛУУДА

 871 Бардыгы /

Түркмөнстандын Мары жана Лебап облустарында бюджетте иштеген кызматкерлер менен мектеп окуучуларынан жаңы жылдык жасалгалар үчүн акча чогултулууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчылары билдирди.

— Марыда ушул жуманын аягына чейин ар бир ишкананын алдына жаңы жылдык балаты орнотулушу керек деген талап коюлду. Бул үчүн ар бир кызматкерден 10 манаттан чогултулууда, — деп билдирди кабарчы.

Анын айтымында, акча Мары облусундагы ооруканалар менен мектеп кызматкерлеринен жана окуучулардан чогултулууда.

— Лебап облусунун борбору Түркмөнабад шаарындагы үч мектептин окуучуларынан 100 манатка жакын акча чогултулту. №12 жана №15 мектептен 2000 манат алынды, — деп билдирди Лебап облусундагы кабарчы.

Бул маалыматтар боюнча жергиликтүү бийлик менен мектеп жетекчилеринен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Өткөн жумада өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов аймактагы аткаминерлерге келе жаткан Эл аралык нейтралитет күнү менен Жаңы жылга даярдык көрүү тапшырмасын берген.

Түркмөнстанда эң төмөнкү айлык 228 долларды түзөт. Расмий курска ылайык, бир доллар 3,5 манатка барабар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17