Аймак

МАЛ ЧАРБАСЫН ЖАНА РЫНОКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ

МАЛ ЧАРБАСЫН ЖАНА РЫНОКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ

 1,318 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 10-декабрь күнү Арис аркылуу ишке ашырылып жаткан мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору боюнча жыйын өттү.

Жыйында мал чарбасынын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун Жалал-Абад областында ишке ашыруу, жайыттарды калыбына келтирүү жана натыйжалуу пайдалануу тууралуу жайыт комитеттерине, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына маалыматтар берилди.

Мал жаюуга жарактуу жайыт жерлерин жамааттык карталаштыруу жолдору менен аныктоо деген аталышта презентация өтүлдү. Анда жамааттык карталаштыруунун колдонуунун артыкчылыктары жана түрлөрү тууралуу кеңири маалыматтар берилип, суроо-жооп менен талкууланды.

Аристин областтагы аткарган ишинин биринчи багыты мал чарбасынын жана рынокту өнүктүрүү боюнча 445 млн. сомдук долбоору ишке ашырылууда. 67 жайыт комитетиндеги ар бир ветеринарга 106 миң сомго жабдуулар менен техникалар алып берилди. Жолдорду жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча 91 даана атайын техникалар алынган.

Ал эми экинчи багыты айылды таза суу менен камсыздоо Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосунда 5 райондогу (Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул) 24 айылды 18млн. 800миң сомдук долбоорлорду ишке ашырууда.

Негизи бул долбоор үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында аяктамак, бирок донорлор менен сүйлөшүү жүрүп бир жылга узартылган.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17