Аймак

НУР-СУЛТАНДА СИРИЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН 14-АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛДЫ

НУР-СУЛТАНДА СИРИЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН 14-АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛДЫ

 595 Бардыгы /

Нур-Султан шаарында Сирия боюнча үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзүш үчүн 10-декабрда Түркиядан, Ирандан жана Орусиядан делегациялар келди. Бул тууралуу Казакстан ТИМинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

Сегиз жылга созулган куралдуу кагылышты чечүүгө багытталган сүйлөшүү согуштан кийинки Конституцияны иштеп чыгуу, саясий системаны алмаштыруу, коопсуздук жана качкындарды жайгаштыруу маселелерине арналат.

Бул «Астана жараяны» деген ат менен таанылган сүйлөшүүлөрдүн 14-айлампасы. Алгачкы сүйлөшүү 2017-жылы январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Түркияда өткөн.

Сирия боюнча башка бир сүйлөшүүлөр Нур-Султандан тышкары Женева шаарында да өтүп турат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17