Аймак

ГҮЛНАРА КАРИМОВАНЫН ШВЕЙЦАРИЯЛЫК АДВОКАТЫНЫН ӨЗБЕКСТАНГА КИРҮҮСҮНӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

ГҮЛНАРА КАРИМОВАНЫН ШВЕЙЦАРИЯЛЫК АДВОКАТЫНЫН ӨЗБЕКСТАНГА КИРҮҮСҮНӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 719 Бардыгы /

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжанын (Gregoire Mangeat) өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салды.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, мындай чечимдин кабыл алынышына Манжа өзүн пиарлоо үчүн Өзбекстандын пенитенциардык тутуму тууралуу жалган маалыматтарды тараткандыгы себеп болгон.

Мындан тышкары билдирүүдө Гүлнара Каримовага үй-бүлөсү Өзбекстанда иштөөгө лицензиясы бар жергиликтүү адвокат жалдаганы жазылган.

Грегуар Манжа каржы кылмыштарына айыпталган адамдарды коргоого багытталган Швейцариядагы юридикалык фирманын ээси. Ал «Твиттер» баракчасындагы акыркы билдирүүлөрүндө Гүлнара Каримовага карата кыйноо болуп, анын иши боюнча сот ачык-айкын өтпөй жатканын жана аны менен жолугушуусуна түрдүү тоскоолдуктар жаралганын жазган. Мындан тышкары Ташкент облусундагы Зангиата колониясында кармалган башка аялдардын дагы абалы оор экенин айткан.

Өткөн жумада Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун Лондондо жашап жүргөн небереси Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасына апасынын камактагы мөөнөтү бешинчи жолу узартылганын жазган. Андан үч күн өткөндөн кийин Башкы прокуратура Гүлнара Каримованын өлкө аймагындагы өндүрүш ишканаларынын биринде иш алып барган дагы бир кылмыштуу тобу болгонун билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17