Аймак

КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ

КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ

 2,929 Бардыгы /

Тогуз-Торо районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында топтошуп мушташуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинде тегерек стол болуп өттү.

Ага район акими А.Кожошов, РИИБдин начальниги Т.Сабырканов, райондук сот, прокротура, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышышты. Тегерек столдо учурдун көйгөйлүү маселери талкууга алынды.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларга эрте турмушка чыгуу, тамеки тартуу, спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле ата-энелер мектептен сырткары өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу, алардын туура жолго түшүүсүнө өбөлгө түзүү керектиги белгиленди.

Мындан сырткары окуучуларды мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ар кандай кырсык, кылмыштардан алыс болууга үндөштү.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17