Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ӨК/Л/ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ӨК/Л/  МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 635 Бардыгы /

БРЮССЕЛЬ.  Брюссель шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жаңы Жогорку өкүлү  Жозеп Боррель менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндөтараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүүнүн келечектерин, мындан тышкары 2021-2027-жылдарга Көп жылдык индикативдик Программаны дагы кенен-чонон талкуулашты. Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жаңы Жогорку өкүлү Жозеп Боррель Кыргызстанда  жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасына ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү  улантууга даярдыгындагы ачыктады.

Тараптар ошондой эле Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы Стратегиясын жана ЕБ-БА Тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жыйынтыктарындагы орой-чарай талкуулашты. ЕБ-БА биринчи Экономикалык Форумун даярдоо жана өткөрүү  маселелерине дагы өзүнчө басым жасашты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17