Аймак

ИИМ РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ КАМАККА АЛЫНГАНЫН ТАСТЫКТАДЫ

ИИМ РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ КАМАККА АЛЫНГАНЫН ТАСТЫКТАДЫ

 1,000 Бардыгы /

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынганын ырастады.

Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Кылмыш кодексинин 244-беренеси (“Барымтага алуу”) жана 264-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштуруу”) боюнча айып коюлган. Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында отурат.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17