Аймак

КАЗАКСТАНДА АКТИВИСТТЕР АКШДАН НУР-СУЛТАНГА САНКЦИЯ САЛУУНУ СУРАШТЫ

КАЗАКСТАНДА АКТИВИСТТЕР АКШДАН НУР-СУЛТАНГА САНКЦИЯ САЛУУНУ СУРАШТЫ

 714 Бардыгы /

12-декабрда Нур-Султанда алты активист АКШ элчилигинин алдында акция өткөрдү. Алар Вашингтонду “Кытайда кысымга учураган казактардын маселесине көз жуумп отурган” казак бийлигине санкция киргизүүгө чакырды.

Активисттер АКШнын мамлекеттик катчысына, Конгресс өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын жетекчилигинин атына кат жолдошту. Чогулгандар АКШнын санкциясына илинген ири кытай компанияларынын Казакстан шаарларында видеокөзөмөл системаларын орнотуп жатканына да каршы пикирлерин билдиришти.

Жума башында Казакстан тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 12-13-сентябрда АКШга расмий сапар менен барары кабарланган. Анын алкагында дипломат мамлекеттик катчы Майк Помпео, өкмөттүн, АКШ Конгрессинин жана Дүйнөлүк банктын расмий өкүлдөрү менен жолугары пландалып жатканы айтылган.

-Тышкы иштер министрибиз АКШга мамлекеттик катчы менен жолугушуу үчүн кетти. Биз Майк Помпеонун үнүбүздү эшиткенин, ушул маселелерди Мухтар Тлеуберди менен талкуулашын, укугубуздун неге бузулуп жатканын сурашын каалайбыз. Тлеуберди буга чейин Шинжаңдагы лагерлерде казактар жок деген. Биз буга нааразыбыз. Бул маселе жабык бойдон калууда,– деди катты окуган Аня Шүкеева.

Акция бүткөндөн бир саат өткөндөн кийин бир нече активист полиция бөлүмүнө жеткирилгени кабарланды.

Акыркы бир нече жумада активисттер өлкөдө адам укуктарын сактоо жана саясий туткундарды бошотуу талабы менен ондон ашуун акция өткөрүштү. Митингдерди казак бийлиги мыйзамсыз деп атады. Акцияга катышкан активисттердин көбү 10дон 15 суткага чейин камалды.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17