Аймак

ВАХДАТ ТҮРМӨСҮНДӨГҮ ТОПОЛОҢ БОЮНЧА СОТ ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ

ВАХДАТ ТҮРМӨСҮНДӨГҮ ТОПОЛОҢ БОЮНЧА СОТ ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ

 890 Бардыгы /

Тажикстан Жогорку соту быйыл май айында Вахдат түрмөсүндө чыккан тополоңго байланыштуу 30 соттолуучуга өкүм чыгарды. Козголоңдун катышуучулары терроризм, экстремизм жана киши өлтүрүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 19 жылдан 29 жылга чейин эркинен ажыратылды. Сот жабык өттү.

Май айында Вахдат колониясында чыккан башаламандыктан 32 киши өлгөн: алардын 29у соттолуучу, үчөө түрмө кызматкери болгон. Тополоң үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган.

Тажикстан Юстиция министри козголоңду милициянын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири, кийинчерээк Сирияга чыгып кетип, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз баштаганын билдирген. Ал 2017-жылы майда кармалган.

Расмий маалыматка ылайык, тополоң чыгаргандар абактагы медициналык бөлүмдү өрттөгөн жана бир канча соттолуучуну барымтага алып, өздөрүн абактан бошотууну талап кылышкан.

Былтыр ноябрь айында Хожент шаарындагы түрмөдө да тополоң чыгып, абакта жазасын өтөп жаткан 21 киши жана эки түрмө сакчысы каза тапкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17