Аймак

КАЗАК ПАРЛАМЕНТИ БАЙКОҢУРДАГЫ ЖЕРДИН БИРАЗ БӨЛҮГҮН КАЙТАРУУ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛДЫ

КАЗАК ПАРЛАМЕНТИ БАЙКОҢУРДАГЫ ЖЕРДИН БИРАЗ БӨЛҮГҮН КАЙТАРУУ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛДЫ

 783 Бардыгы /

Казакстан сенаты Орусия ижарага алган «Байкоңур» комплексиндеги 11,6 миң гектар жерди кайра кайтаруу жөнүндө мыйзам кабыл алды. Документке эми казак президенти кол коюшу керек.

Маалыматка караганда, 1700 гектардан ашык эки жер тилкеси Кармакшы районундагы Төретам айылын кеңейтүү үчүн пайдаланылат. 10 миң гектерга чукул жер Батыш Европа – Батыш Кытай эл аралык транзиттик коридорун, Алматы – Москва темир жолун жана Бейнеу – Чымкент газ куурун салуу үчүн колдонулат.

Казакстан айыл чарба министринин биринчи орун басары Айдарбек Сапаровдун билдиришинче, Орусия Казакстандан жалпысынан 650 миң гектар ижарага алган. Ал 11,6 миң гектер жерди кайтарып алуу, ижара акысына таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

Орусия Казакстанга тиешелүү Байкоңурду 1994-жылдан 2050-жылга чейин ижарага алган. Жылына 115 миллион доллар акы төлөйт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17