Аймак

ӨЗБЕКСТАН ИИМИ ПОРНОСАЙТТАРГА КИРГЕНДЕРДИ ШАНТАЖ КЫЛГАН АЛДАМЧЫЛАР КӨБӨЙГӨНҮН ЭСКЕРТТИ

ӨЗБЕКСТАН ИИМИ ПОРНОСАЙТТАРГА КИРГЕНДЕРДИ ШАНТАЖ КЫЛГАН АЛДАМЧЫЛАР КӨБӨЙГӨНҮН ЭСКЕРТТИ

 647 Бардыгы /

Өзбекстан ички иштер министрлиги порносайттарга киргендерден акча опузалап алуу учурлары боюнча иликтөө иштерин баштады. Министрликтин маалымат кызматы сайт колдонуучуларын шантаж кылуу үчүн хакердик чабуул болушу ыктымал экенин эскертти.

Маалыматка караганда, порнографиялык мүнөздөгү интернет сайттарга киргенде автоматтык түрдө “Өзбекстан ИИМинин киберкылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнөн билдирүү” деген аталышта башка бир ресурс ачылган учурлар көбөйүүдө. Билдирүүдө тыюу салынган сайтка кирген киши 200 000 сум (20 доллар) айып пул төлөй турганы жазылууда. Колдонуучуга “Webmoney” электрондук системасы аркылуу төлөм жүргүзүү сунушталып, эгер талап аткарылбаса, анын порносайттарга киргени тууралуу маалымат ачыкка чыгары эскертилген.

Өзбекстан ИИМи министрликте “Киберкылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү” жана “Webmoney” төлөм системасында электрондук капчыгы жок экенин маалымдады.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17